Украина 9-майда Улуу Жеңиш күнүн майрамдабайт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Вадим Пристайко билдирди.
“Биз 9-майды майрамдабайбыз”- деди жергиликтүү телеканалдардын бирине интервью берип жатып. Ал согуштан 75 жыл өткөндөн кийин трагедиянын себебин түшүнүп, бири-бирибизди кечиришибиз керек деп эсептейт.
Буга чейин украиналык партия согуштун 75 жылдыгын майрамдоо үчүн Москвага бара турганы кабарланган.