Суббота, 21 сентября

Боронов: «Ар бир катанын, ар бир туура эмес чечимдин артында адамдын тагдыры турат»

0

Ар бир катанын, ар бир туура эмес чечимдин артында адамдын тагдыры турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын жыйынтыгы жана 2020-жылга карата милдеттер боюнча коллегиясынын жүрүшүндө айтты.

Кубатбек Боронов белгилегендей, Каттоо кызматтын артыкчылыктуу багыттарынын бири калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана ишмердүүлүктү стратегиялык пландаштыруу болуп саналат.

«Ведомствонун компетенциясына кирүүчү калкка бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин тартуулаган Калкты тейлөө борборлорун ачуу маселесин чечүү зарыл. Өзгөн районундагы Калкты тейлөө борборунун тажрыйбасы ийгиликтүү болоруна жана республиканын башка Калкты тейлөө борборлорунда колдонуларына ишенем. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын, «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картасын» ишке ашыруунун алкагында коюлган милдеттерди аткарууга өзгөчө көңүл бурулушу керек», — деп баса көрсөттү ал.

Анын айтымында, «Унаа» мамлекеттик мекемесинде тейлөө мамилелерин өзгөртүү керек. Алсак, жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр учурунда тиешелүү шарттарды түзүү максатында унаа ээлери үчүн Калкты тейлөө борборлорун түзүү жана толук кандуу ишке киргизүү механизмдерин жакын арада иштеп чыгуу тапшырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз