Суббота, 21 сентября

«Дордой» менен Түркмөнстандын «Алтын Асыр» футбол командасы беттешет

0

Бишкекте Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн тайпалык этаптын оюну өтөт. Ал 11-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Анда Бишкектин «Дордой» жана Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» командалары жолугат.

D тайпасына туш болгон «Дордой» командасы плей-оффко чыгуу үчүн мындан тышкары Тажикстандын эки клубу — «Истиклол» жана «Худжант» менен беттешет. Тайпалык этапка Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» командасы да чыкмак, бирок ал «Худжанд» футболчуларынан утулуп калган.

Белгилей кетсек, «Дордой» — Кыргызстандын чемпиону.

«Алтын Асыр» ушу тапта Түркияда машыгып жатат. Оюнчулар Кыргызстанга ошол жактан учуп келишет.

Буга чейин Түркмөнстандын «Ахал» клубу коронавирустан улам Кыргызстанга келүүдөн баш тарткан. Команда «Нефтчинин» оюнчулары менен кез келмек.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз