Суббота, 21 сентября

Саламаттыкты сактоо министрлиги: «Өзгөндө коронавирус катталган жок»

0

Социалдык тармактарда жана WhatsApp мессенджериндеги “Ош облусунун Өзгөн районунда коронавируска чалдыккан жарандар аныкталды” деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-февралда билдирди.

“Бүгүнкү күндө өлкө аймагында коронавируска чалдыккан адамдар жок. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу” – деп айтылат маалыматта.

Күн мурун, 28-февралда Кара-Суу районундагы “Достук” өткөрмө-пунктунан Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу келген Кыргызстандын бир жараны жана Россиянын эки жараны өткөн.

Санитардык-карантиндик пункттардын эрежелерине ылайык, алар убактылуу обсервациялоо жайларына жайгаштырылган. Бардыгынын абалы туруктуу жана коронавирустун белгилери табылган эмес.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз