Воскресенье, 19 мая

Греция качкындарды үн чыгаруучу граната менен тосуп алды

0

Анкара качкындарга чек араны ачууга даярданууда деген жалган маалыматты уккан миңдеген мигранттар жума күнү Греция, Болгария менен кургак жана деңиз аркылуу чектешкен жерлерине жана  Эгей көл жээгине барышкан. Бул тууралуу түрк басылмасы жазды.

Качкындар тобу жана Түркиянын, Стамбулдун ар кайсы регионундагы мигранттар Эдирне провинциясынын чек арасына топтолушкан. Алар ар кандай транспорт менен келишип, Греция чек арасына жөө кетишкен. Ал жерге баруучу жолдо токойлор жана саздар бар, бирок эл ага карабастан кеткен.

Мигранттардын агымы Грецияга жакын Түркиянын Айваджыке, Бабакале жана Кадырге региондоруна жетишкен. Алар Грецияга үйлөмө кайыктар менен деңизге чыгып жатышат.

Ал эми грециянын полициясы качкындарды киргизбей, артка кайтарууга аракет кылышууда. Маалыматка таянсак, окуя Эврос регионунда болуп, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында ок атуулар угулган.

28-февралда грек премьер-министри Кириакос Мицотакис мигранттар Түркия аркылуу келе жатканын кабарлаган. Ага чейин түрк ММКлары сириялык качкындарды Түркия кармай албай калганын жарыялаган. Бирок Евробиримдик Түркия бул тууралуу расмий билдирүү бербегенин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз