Воскресенье, 19 мая

Ирандын 5 депутатынан коронавирус табылды

0

Ирандын 5 депутатынан коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда мыйзам чыгаруу органынын президиумунун өкүлү Асадулла Аббаси кабарлады.

Буга чейин коронавирустун айынан жыйналыш өткөрүүнү токтотушкан.

Маалыматтар боюнча Иранда 34 адам каза тапкан, 388 адам коронавирус менен жабыркап жатат, 73 адам айыгып кеткен. Саламаттыкты сактоо министрлиги ишемби күнү коронавирус боюнча маалыматты жаңылай турганын белгилеген.

Буга чейин аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президент Масуме Эбтекардан дагы вирус шектелип, карантинге алынган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз