Суббота, 21 сентября

Коомчулукту козуткан koom.press/kg сайты

0

koom.press/kg сайты “2-мартта кан төгүп, бийликти басып алабыз деген сүйлөшүүнүн аудиосу тарады(видео)” аталышындагы макаласын 29-февралда жарыялап, анын маалымат булагы катары kyrgyz.news баракчасын көрсөткөн. Видеодо 2-мартта боло турган митинг тууралуу белгисиз адамдардын телефон сүйлөшүүсү орун алган.
kyrgyz.news сайты аталган видео тууралуу маалыматка ээ эместигин, бул видео kyrgyz.news сайтына, ошондой эле социалдык тармактардагы эч бир баракчасына жайгаштырылбагандыгын расмий билдирет.

koom.press/kg сайты аталган видеонун маалымат булагын тактап, түшүндүрмө бербесе kyrgyz.news сайты өзүнүн кадыр-баркын сактоо максатында мыйзамдуу жолдорду колдонуп, укук коргоо органдарына бул ишти териштирүү үчүн расмий кайрылуу жолдойт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз