Воскресенье, 19 мая

Түркия Асаддын аэродромун талкалады

0

Түркиянын аскер күчтөрү Алепподогу Башар Асаддын аскердик аэродромун талкалады. Асад аэдромду деэскалация болгон жерлерге кол салуу үчүн колдонуп келген.

Белгилей кетсек, Түркия Алеппонун чыгышындагы Куверайс аэдромун жардыргандан кийин Асад авиациялык техникаларын Нейраб районундагы аэдромго которгон, бирок ал дагы түрк аскерлери тарабынан сокку алган.

Буга чейин Түркиянын улуттук коопсуздук министри Хулуси Акбар “Жазгы калкан” операциясын өткөрөрү тууралуу кабар берген. Анын айтымында 27-февралда болгон кол салууга жооп катары уюштурулган. Эсиңиздерге салсак, Асаддын режиминен улам Идлибдеги 36 түрк аскери каза болгон.

Министр белгилегендей, Түркия Орусия менен Сирияда кагылышууну каалабайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз