Пятница, 20 сентября

Кытай Венесуэлага аскердик кийлигишүүнү айыптады

0

Кытай Венесуэлага аскердик кийлигишүүнү айыптады
Кытайдын тышкы иштер мининстри Гынг Чуан «Эгерде калп эле гуманитардык жардамдар мажбурлоо менен Венесуэлага жибериле турган болсо, бул да катуу кагылышууларга себеп болот»,- деди.
Кытай Венесуэлага «мажбур түрдө гуманитардык жардамдын жиберилишинин» кагылышууларга себеп болорун белгилеп, бул өлкөгө «аскердик кийлигишүүгө каршы экендигин» билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Гынг Чуан борбор шаар Пекинде өткөргөн кезектеги пресс — жыйынында Венесуэлага гуманитардык жардамдардын киргизилишине байланыштуу : «Эгерде калп эле гуманитардык жардамдар мажбурлоо менен Венесуэлага жибериле турган болсо, бул да катуу кагылышууларга себеп болуп, абал олуттуу жыйынтыктарга жол ачат. Эч бир тарап муну көрүүнү каалабайт»,- деди.
Венесуэла өкмөтүнүн болгон күчү менен өлкө ичиндеги тынчтык жана ырааттуулукту коргоону улантып жаткандыгын, кенен масштабдуу кан төгө турган кагылышуулардын чыгышына тоскоол болгондугун белгилеген Гынг : «Кытай Венесуэлага аскердик кийлигишүүгө каршы чыгып жатат. Венесуэлада араздашууга себеп боло турган, ал түгүл башаламандыкка жол ача турган кыймылдарга каршы чыгууда»,- деди.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро кечээ сүйлөгөн сөзүндө элди коргоо максатында Бразилия менен чек арасынын жабыларын билдирип, Колумбия менен чек аранын толук жабууну унутпагандыгын белгилеген.
Мадуро Венесуэлада өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялаган оппозициячыл лидер Хуан Гуайдонун жол башчылыгындагы оппозициянын «жардамдардын» кирүү күнү катары билдирген 23 — февралда окуялардын чыгышында Колумбиянын мамлекет башчысы Иван Дюктун жооптуу болорун да белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз