Пятница, 20 сентября

Баласына ыдык көрсөттү деген аял экспертиза өткөрүүдөн баш тартты

0

Баласына ыдык көрсөттү деген аял экспертиза өткөрүүдөн баш тартты
Бишкектеги түрк мектебинин директору баласына ыдык көрсөткөндүгүн айткан эне соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.
Маалым болгондой, аял милицияга 11-февралда арыз менен кайрылган. Ал баласы билим алып жаткан мектепке жаңы директор дайындалгандан кийин кырдаал начарлап кеткендигин белгилеген.
«Арыз ээсинин сөзү боюнча, директор окуучуларды сабайт, ал эми анын баласына ыдык көрсөтүү аракетин жасаган. Ошол эле учурда аял өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери анын көзүнчө баласын суракка алууга кескин каршы болду. Соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн да баш тартты», — деп билдиришти ШИИББден.
Милициянын билдирүүсүндө, ыдык көрсөтүүгө айыпталган мектеп директору да арыз менен кайрылган. Ал бул мектепте эки жылдан бери иштеп жаткандыгын айткан.
«Директордун айтуусунда, 11-февралда окуучунун апасы мектепке келип, ызы-чуу сала баштаган. Ал директорду сумкасы менен бетине чаап жиберген. Арыздануучу бул аял мурда да ар кандай шылтоолор менен ызы-чуу салып жүргөндүгүн айтты. Сурак жүргүзүү учурунда мектепте иштегендер менен ата-энелер балдардын сабалгандыгы же ыдык көрсөтүлгөндүгү боюнча жагдайды тастыкташкан жок. Ал бала мектепте үч жылдан бери документи жок окуп жаткандыгы жана окуу акысын төлөөдөн да баш тартып келгендиги аныкталды», — деп билдиришти ШИИББден.
Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги аталган мектептин директору менен анын орун басарлары кызматтан четтетилгендигин билдирди.
«Учурда аталган окуу жайда убактылуу администрация иштеп жатат. Түркиядан келген инспекторлор текшерүү жүргүзөт. Аталган маселе боюнча иликтөө жүрүп жатат», -деп билдиришти элчиликтен.

Белгилей кетүүчү жагдай, парламент депутаты Ирина Карамушкина борбордогу түрк мектебинин директору балдарга ыдык көрсөткөндүгү тууралуу айткан. Эл өкүлүнө бул мектепте баласы билим алган аял кайрылган жана негизинен ал мектепте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары окушат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз