Евробиримдиктин башкы сүйлөшүүчүсү Мишель Барнье Евробиримдик менен Улуу Британиянын ортосундагы соода байланышы тууралуу үн катты.
Ал сүйлөшүүлөр 2-мартта Брюсселде башталганын айтты.
“Биз чынчыл шериктештик курабыз жана мурдагы биргелешкен милдеттерди сактайбыз”-деп жазган Барнье.
Сүйлөшүүлөр 5-мартта аяктай турганын кошумчалады.
Эсиңиздерге салсак, 25-февралда Евробиримдик Улуу Британия менен сүйлөшүүчү мандатты аныктаган жана сүйлөшүү миссиясын тапшырган.