Суббота, 21 сентября

Митингдеги 166 адам кармалып, 4 адам камакка алынды

0

Коомдук тартипти бузгандар боюнча тиешелүү ыкчам иш-аракеттер уланууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2-марттагы митингдин айынан массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген. Алардын 162 менен тактоо аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң кое берилди. 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды.
Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз