Суббота, 21 сентября

Каныбек Осмоналиев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалды

0

Митингдин уютуруучуларынын бири жана активдүү катышуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2020-жылдын 3-мартында УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, 2-мартта өткөн митингтин уютуруучуларынын бири, КР ЖК мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев жана активдүү катышуучусу Д.А. кармалды.
Кармалгандар КР Кылмыш-жаза кодексинин 39- жана 309-беренелери (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмышка шектүү катары КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, алардын баш коргоо чарасы каралат.
Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз