Суббота, 21 сентября

Президент туу күнү менен куттуктады

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.

«Урматтуу мекендештерим! Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм! Мамлекеттик туубуз — эгемен мамлекетибиздин атрибуттарынын бири, ар бирибиздин мекенге болгон атуулдук сезимибизди  чагылдырып турган символ. Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган. Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел. Биздин сыймыгыбыз болгон кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин! Сиздерге ден соолук, бакты-тааалай, ийгиликтерди каалайм. Жараткан Кудай сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!»

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз