Пятница, 20 сентября

Түркия Афганистандагы калыбына келтирүү иштерине кошулушу мүмкүн

0

Түркия Афганистандагы калыбына келтирүү иштерине кошулушу мүмкүн

Орусия президентинин Афганистандагы атайын өкүлү Замир Кабулов Афганистандагы калыбына келтирүү процессиндеги Анкаранын орду тууралуу айтып берди

Түркиянын афган кризисин чечүүгө катышуусу тезирээк оң натыйжага жетишүүгө жардам берет. Бул тууралуу РФнын президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов жума күнү Анкарада америкалык кесиптеши, АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү  Залмай Халилзад менен сүйлөшүүсүнүн аягында билдирди.

«Түркияны биз афган кризисин чечүүдө маанилүү оюнчу катары көрөбүз», — деди дипломат.

З. Кабуловдун айтуусунда, Орусия «Түркия жана москвалык форматтын ортосундагы кызматташтыктын бекемделишин» колдойт. «Андыктан башкалар эмес, Түркия гана башка аймактык мамлекеттер сыяктуу бул форматтын курамында болууга толук укугу бар», — деп кошумчалады РФнын президентинин атайын өкүлү.

Мындан мурда  Анкарада АКШ жана Орусия президенттеринин Афганистан боюнча атайын өкүлдөрүнүн — Залмай Халилзад жана Замир Кабуловдун жолугушуусу болгон.

Бул сүйлөшүү Орусиянын Анкарадагы элчилигинде жабык эшик артында өтүп, бир сааттан ашыкка созулган.

Жолугушууга Орусиянын Анкарадагы элчисинен тышкары эки мамлекеттин айрым расмий өкүлдөрү да катышышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз