Пятница, 20 сентября

Жалааа жапкандардын бетин ата-энелер ачууда

0

Жалааа жапкандардын бетин ата-энелер ачууда

22-февралда «Манас» университетинин аймагында жайгашкан мектептин аймагына 50гө жакын ата-энелер чогулушуп, баласына директор тарабынан ыдык көрсөтүлгөндүгүн билдирген Ж.К.нын аракетине нааразычылык билдиришти.

Алар Ж.К. бүтүндөй мектептеги ата-энелердин атынан сүйлөп, коомчулукка туура эмес маалымат берип жатат деп эсептешет. Анткени ага эч ким мындай укук берген эмес. Тескерисинче чогулгандар мектептин директорун коргошуп, Ж.К. жеке өчүн алып жатат деп ойлошот. Ошондой эле алар бул эл аралык деңгээлге чыгып кеткен чыр-чатак мектепти биротоло жаап салуу менен аякташы мүмкүн деп чочулашууда.

Ата-энелер эмне үчүн Ирина Карамушкина Ж.К. укук коргоо органдарына арызданган соң, бул мекемелердин иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтпөстөн, директордун күнөөсү тууралуу бир да далили жок туруп бийик трибунадан билдирүү жасагандыгына түшүнүшпөйт.

Мектептин жанына чогулган ата-энелер бул билим берүү мекемесинде абал кандай экендигин төмөндөгүдөй айтып беришти:

“Эмне үчүн И. Карамушкина өзүнө бир гана Ж.К. кайрылса, аны ата-энелер кайрылышкандыгы тууралуу калп айтат?

Бул мектептеги тартип, окутуу процессине эч ким мурда арызданган эмес. Мектептин баардык бурчтарына, директордун бөлмөсүнө да  видеокамера орнотулган. Анын эшиги дайыма ачык турат. Демек, баардык видеокамераларды текшерип, эч нерсе болбогондугун көрүп алсын.

Ал эми мугалимдерди директор коркутуп, алар Түркияга барбай кала тургандыгы боюнча айтылган сөздөр да калп. Ооба, көпчүлүк мугалимдердин балдары ушул мектепте окушат. Анан кайсыл эле ата-эне өзүнүн баласына ыдык көрсөтүлүшүнө жол берсин? Эгер ушундай көрүнүш мурда да орун алган болсо, буга чейин эле арыз түшмөк да. Анда баардык мугалимдер чогулуп, мындай директорду өздөрү эле кубалап жиберишмек”.

Азыр ата-энелер мектептеги билим берүү, тамак-аш өз жолунда экендигин билдирүүдөн тышкары Ж.К.га карата моралдык зыян келтиргендиги үчүн арызданарын билдиришүүдө.

«Маселе бул мектепте түрк жарандарынын балдары билим алгандыгында. Демек, биздин балдарыбыздын Түркиянын жарандыгы болгондуктан, түрк тили – алардын эне тили болуп саналат. Мектепте баардыгы жакшы: таза жана жылуу. Мектептин мугалимдери өтө жоопкерчиликтүү: алар ар бир баланы тосуп алып, класска узатып коюшат. Сабактардын ортосундагы тыныгууда балдар чуркабастан, акырын басышат. Эч кандай мушташ, чыр-чатак жок, ошондуктан биз Кыргызстан менен Түркиянын өкмөтү  балдарыбызга татыктуу билим алышы үчүн ушундай шарт түзүп бергендигине өтө ыраазыбыз. Биз мугалимдерге да ыраазыбыз. Ал эми текшерилбеген, жалаа жабылган фактылар жарыяланып кеткендиги үчүн аябай нааразыбыз. Биз балдарыбызды мындай чындыкка жатпаган айыптоодон коргоону суранабыз,- деп айтылат аталган мектептин ата-энелеринин кайрылуусунда.

Ал тургай бул окуяга улут маселесин аралаштырууну көздөгөндөр да болду. Бактыга жараша бул жерде баардыгы: кыргыздар, түрктөр, орустар бири-бири менен дос жана улутчулдук жок. Азыркы кыш мезгилинде ким балдарды табиятка алып чыкмак эле?

Ата-энелердин айтуусунда, Ж.К.нын баласын директор өзү кетирген эмес, ал ата-энелердин арызы боюнча мектептен чыгарылган. Себеби дайыма уруш-талаш, ызы-чуу боло бергендиктен, ата-энелер ушундай талап кылышкан. Ж.К. башка балдарды кемсинтип, түрмөгө отургузуп коёрун айтып коркуткан. Айтор башка балдардын укугун тебелеген.

Көрсө, баары мындай окуядан башталыптыр, мектептин буфети бар. Ж.К. түз эле мектепте духи, парфюмерия же бижутерия сатып жүргөн. Ага директор мектептин сыртына чыгып, ал жакта каалаганыңызды сата бериңиз деп тыюу салып койгон. Бирок ал “Мен эмнени кааласам, ошону жасаймын”,- деп болбой койгон. Ал тургай мектептин ичинде ушул иштерин жасай албаса, анда баардыгын жоготорун айтып коркуткан.

Бул окуя боюнча Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги төмөндөгүдөй билдирүү таратты:

“Бишкекте жайгашкан Түрк башталгыч мектебине тиешелүү массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактарда чыккан кээ бир дооматтар тууралуу Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Билдирүүсү


2019-жыл 21-февраль

Кээ бир массалык маалымат каражаттарында чыккан дооматтарга байланыштуу бул маселе боюнча ыкчам түрдө иликтөө иштери башталып, окуу жайдын мүдүрү жана орун басарлары кызматтарынан четтетилип, булардын ордуна жаңы убактылуу жетекчилик дайындалды.

Түркиядан келе турчу текшүрүүчүлөр аркылуу зарыл болгон текшерүү иштери жүзөөгө ашырылат.

Мындан тышкары, бул маселе боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташтык жүргүзүлүүдө, керектүү бардык маалыматтар, документтер берилүүдө жана көмөк көрсөтүлүүдө”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз