Вторник, 26 ноября

К.Осмоналиев «Ар-Намыс» партиясынан чыгарылат

0

ЖК экс-депутаты Каныбек Осмоналиев “Ар-Намыс” партиясынан чыгарылат. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Феликс Кулов жергиликтүү сайттардын бирине берген интервьюсунда айтты.

Анын айтымында, Осмоналиев Жапароду бошотууну талап кылган митингди уюштурганы тууралуу партияга билдирген эмес.

“Мындай суроолорду кеңешиши керек эле. Эгерде бизге айтса, бул нерсе Садыр Жапаровдун абалын оорлотпосо каршы болмок эмеспиз. Жапаров өзү тарапташтарына митингге чыкпоону сунуштабадыбы. Негизи нааразычылыкты өткөрүү үчүн М.Горький сейил багында болмок, Ала-Тоо аянтына эч ким уруксат берген эмес. Бул чоң жаңылыштык болду”-деди Кулов.

Феликс Кулов Каныбек Осмоналиевди партиядан четтетүү жакынкы аралыкта чечилерин айтты.

Бирок партиянын лидери Каныбек Осмоналиевге карата колдонулуучу чараларды катуулатууга каршы чыгууда.

Азыркы учурда Каныбек Осмоналиев бийликти күч менен басып алууга аракет кылууга шектелип УКМКнын тергөө абагында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз