Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова “Биримдик” партиясы менен шайлоого барат. Бул тууралуу ырчы айым бүгүн, 3-мартта инстаграмдагы баракчасында билдирди.
Ырчы айым 29-февралда “Биримдик” саясий партиясынын Ош шаарында өткөн биринчи конференциясына катышкандыгын айткан.
Ал: “Ош шаарында «Биримдик» саясий партиясынын жергиликтүү уюмунун регионалдык биринчи конференциясы өттү. Бул иш чарага “Биримдик” саясий партиясынын лидери Аманкулов Марат Аскерович, Жогорку Кеңештин депутаттары, партиянын мүчөлөрү жана делегаттары, ошондой эле жергиликтүү кеңешке талапкерлер, Ош шаарыбыздын активисттери катышышты. Конференцияда 12-апрелде боло турган Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна партиянын катышуусу бир добуштан колдоого алынып, талапкерлердин тизмеси бекитилди. Биздин күч “Биримдикте” – деп жазган.