Эртең, 4-март күнү түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -1…+4, күндүз +10 +15
Таласта түнкүсүн: -2…+3, күндүз: +9…+14
Баткенде түнкүсүн: +2… +7, күндүз: +11…+16
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +2…+7, күндүз +11…+16
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -1…-6, күндүз: +2…+7
Нарында түнкүсүн: -6…-11, күндүз: +1…+6
Бишкекте түнкүсүн +2…+4, күндүз: +11…+13