Суббота, 21 сентября

Футбол күйөрманы туу көтөрүп Ала-Тоо аянтына чыкты

0

Бүгүн, 3-мартта кыргыз футболунун күйөрманы Али Ифлазоглу кыргыз жана түрк туусун көтөрүп Ала-Тоо аянтына чыккан.

“Бүгүн мамлекеттик туу күнүнө карата кыргыз элинин жана түрк элинин туусун көтөрүп Ала-Тоо аянтына чыктым. Мен ал жакта киши көп болот деп ойлогом. Жалгыз эле мен барыптырмын. Баарынан да кызыгы, милиция кызматкерлери көп экен. Көпчүлүгү мени митингге келди деп ойлоп курчап калышты. Аларга бүгүнкү майрамды, максатымды айтканда тарап кетишти”-деген Ифлазоглу.

Ал буга чейин эле кыргыз футболун колдоп, беттештерде кыргыз менен түрк желегин көтөрүп жүрөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз