Пятница, 20 сентября

Кувейттиктерге Кыргызстандын туристтик дарамети көрсөтүлдү

0

Кувейттиктерге Кыргызстандын туристтик дарамети көрсөтүлдү

Эль-Кувейт шаарында кыргызстандык онго жакын туркомпаниялардын өкүлдөрү өлкөнүн туристтик потенциалын көрсөтүштү.

Компаниялардын жарманкеси аталган мамлекеттеги эң чоң делген «Авина Мол» соода борборунда болуп, чакан программадагы концерт менен коштолду.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов, Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Самаргүл Адамкулова катышты.

«Биз, буга чейин Кувейттеги “Суук Сафар” деген долбоорунун алкагында, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Негизинен алар дүйнөдөгү көп мамлекеттердин туркомпанияларын бир жерге топтойт. Алар бизге Кыргызстан тууралуу айтып, тааныштырып бергиле деп сунушташкан болчу. Биздин бул мамлекет менен дипломатиялык байланыштардын 25 жылдык мааракесинин алкагында ушул иш-чараны да өткөрдүк. Бизге чейин бул жакта башка көптөгөн мамлекеттер келип, өздөрү жөнүндө маалыматтарды берип кетишкен. Анан биз дагы ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстанды жарнамалап алдык”,-деди Элчи С. Адамкулова.

Араб булуңуна өлкөнүн туристтик компанияларын жарнамалоо иши – эки мамлекеттин дипломатиялык кызматташуусунун 25 жылдыгынын алкагында, буга чейин башка жерлеринде бир нече жолу өткөрүлгөн. Негизги максат – биздин мамлекеттин кооздугун көрсөтүшүп, келечекте кувейттиктер Кыргызстанга келе башташына шарт түзүү. Бул иш-чарада алар визасыз келе алышаарын белгилешти.

Ушул күндөрү бул мамлекетте “Silk road show: Kyrgyzstan-Kuwait” жумалыгынын алкагында өлкөнүн маданият жаатынан тааныштыруу, өлкөгө бул жактан туристтерди тартуу, экономикалык байланыштарды жандандыруу сыяктуу бир топ иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз