Понедельник, 6 мая

Путин чет элдик агенттер мыйзамын колдойт

0

Чет элдик агенттер эч кимди басмырлабайт, ал Орусиянын саясий турмушуна кийлигишүүдөн коргойт. Бул тууралуу Орусия президенти кабарлады.

Орусия президенти Владимир Путин Орусия территориясындагы чет элдиктер колдогон коммерциялык эмес уюмдардын өлкөдө иш жүргүзүшүнө каршы эмес. Болгону сырттан каржыланып, ички саясат менен алектенип жаткан болсо айтып коюшу керек. Анын пикиринде эл аралык практикага каршы келген, басмырлаган эч нерсе жок.Путин чет элдик агенттер боюнча мыйзам АКШда 1930-жылдардын аягында иштеп чыгарылгандыгын жана азыркыга чейин колдонуп келе жаткандыгын эскертти. Аларда мыйзам эркинен ажыратууга чейин барышы мүмкүн, бизде административдик гана жоопкерчилик каралганын айтты.

Ал эми Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш четке каккан. Көпчүлүк депутаттар мындай документ жарандардын укугун чектейт жана Кыргызстанга эл аралык жардамдар азаят деген жүйө менен каршы чыгышкан.

«Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Нуркамил Мадалиев мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамынан алынгандыгын моюнга алса да мыйзамда көрсөтүлгөндөй, анда кайсы бир өлкөнүн саясатын жүргүзүү мүмкүн эместигин белгилеген.

«Мыйзам Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого гана багытталган. Орусия ушундай мыйзамды кабыл алгандыктан бизде да ушундай демилге көтөрүлүп жатат дегендин өзү туура эмес. Бул мыйзамда эки чоң маселе турат. Биринчиси, чет өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон уюмдарга “агент” түшүнүк берилиши керек. Экинчиден, эгерде алар чет өлкөдөн каржыланып, саясий иштерди жүргүзүп жаткандыгы эске алынат»-деди депутат. Ошондой эле эл өкүлү бейөкмөт уюмдар тууралуу 1999-жылы кабыл алынган мыйзам эмне себептен талапка жооп бербей жаткандыгына түшүндүрмө берди. 1999-жылы кабыл алынган мыйзамда бейөкмөт уюмдардын мамлекет алдында эч кандай жоопкерчилиги каралган эмес. Ошондуктан бейөкмөт уюмдар чет өлкөдөн каржыланса, алар кайсыл жактан каржыланып, эмне максатта алынып жана ал каражат кайсыл жакка жумшалып жаткандыгы тууралуу маалымат берилиши керек. Аны көзөмөлдөө функциясы мамлекеттик органга берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз