Воскресенье, 19 мая

Бишкек-Ош жолунда 7 адам каза тапты

0

Бүгүн, 4-мартта Бишкек – Ош жолундагы 493-чакырымында Mercedes-Benz Vito жана Honda Jazz унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кырсык Ноокен районунда түнкү саат 01:00дө болгон. Жол кырсыгынан улам 7 адам каза болуп, 6 жаран жабыркаган. Жарадар болгон адамдар Шамалды-Сай шаарындагы ооруканага жеткирилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз