Суббота, 21 сентября

Орус-кыргыз эриш-аркак жылынын иш-чаралары

0

Кыргыз-орус эриш-аркак жылына карата 215 иш-чара пландалган. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта РФнын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Иш-чаралар көбүнчө соода-экономикалык тармагындагы байланышка басым жасайт. Ушул жылдын жай айында Ысык-Көлдө инвестициялык форум өтөт. Ошондой эле Бишкекте үчүнчү кыргыз-орус бизнес-форуму пландалган, апрель айында фармацевтика продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн бизнес-миссиясы болот.

Бул иш-чаралар бизнес адамдарынын экономикалык келишим түзүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Алдыда боло турчу иштерди Орусиянын вице-премьери Алексей Оверчук, ал эми Кыргызстандан вице-премьер министр Эркин Асрандиев жүргүзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз