Суббота, 21 сентября

3 согуш ардагери 9-майда Москвада боло турган парадга барат

0

Кыргызстандык 3 Ата-Мекендик согуштун ардагери 9-майда Москвада өтө турган парадга барат. Бул тууралуу РФнын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко кабарлады.

Ардагерлердин жана аларды коштоп баргандардын жол киресин, жатаканасын Москва өз мойнуна алат.

Элчинин айтымында, параддан тышкары согуштун 75 жылдыгына карата кыргыз өкүлдөрү катыша турчу бир нече иш-чаралар болот. Удовиченко алардын бири Ржеведеги эр жүрөк кыргыз аскерлерине арналган эстеликтин ачылышы экенин белгиледи.

Кыргызстандан Улуу Ата-Мекендик согушка 360 000 адам кеткен. Алардын үчтөн бир бөлүгү кайтып келген жок. 72 кыргызстандык согушта эрдик көрсөткөндүгү үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган, айрымдары эки ирет наамга ээ болгон. Учурда республикада 251 Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери жашап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз