Пятница, 20 сентября

Кыргызстандык чыгармачыл топ Эль-Кувейт шаарында чоң программада концерт беришти

0

Кыргызстандык чыгармачыл топ Эль-Кувейт шаарында чоң программада концерт беришти

Бул иш-чара “Кыргызстан-Кувейт – Жибек жолу көргөзмөсү” деп аталган жумалыктын алкагында болду. Концерт бул мамлекеттин эң чоң театрында өттү. Жергиликтүү тургундарга КРга эмгек сиңирген артисттери, эстрада жылдыздары, фольклордук группалар эң мыкты шоу тартуулашты.

 Аны менен катар улуттук кийимдердин жана буюмдардын көргөзмөсү да сунушталды. Ага келген коноктор кыргыздын улуттук баалуулуктарын билдирген буюмдарды таң калуу менен сатып алып жатышты.

Ошентип иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул – Кувейттеги Кыргызстандын Элчилиги жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен өткөрүлдү.

“Концертке келген коноктор таң калышты. Анткени биздин таланттар аларды толук канааттандырды десек болот. Мисалы, ошол эле саркеч кийимдер, цирк өнөрпоздорунун шоу көрсөткөнү, улуттук бийлер менен музыкалар өтө жогорку деңгээлде аткарылды”,- деди А.Жамангулов.

Кошумчалай кетсек, ушул эле концерт Кувейттеги Шейх Сабах Аль-Ахмад атындагы этноайылда да коюлду. Бул жерде Араб мамлекеттеринин улуттук көргөзмөсү коюлуп, алардын ичинен Кыргызстандын көргөмөсү эң мыкты деп табылды.

Өткөн жумада аталган мамлекетте “Silk road show: Kyrgyzstan-Kuwait” жумалыгынын алкагында өлкөнүн маданият жаатын тааныштыруу, өлкөгө бул жактан туристтерди тартуу, экономикалык байланыштарды жандандыруу сыяктуу бир топ иш-чаралар өткөрүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз