Суббота, 23 ноября

Турциядагы путчтун айрым сырлары

0

Турциядагы путчтун айрым сырлары

Кечээ жакында Сочиде өткөн үч тараптуу – Россия, Турция жана Иран мамлекет башчыларынын жолугушуусу азыркы кездеги эл аралык геосаясий мамилелердин жаңы этапка өтө баштаганын каңкуулап турат. Турция президенти Реджеп Тайип Эрдоган анын өлкөсү Россиядан С-400 системасын сатып алганы үчүн АКШ тарабынан мурда эч качан болуп көрбөгөндөй (беспрецедентный) кысымга тушугуп жатканын билдирди. Турция НАТОнун (Түндүк-Атлантикалык аскердик союздун) мүчөсү экенин эске алсак, бул кысым табигый реакциядай сезилет. Анын үстүнө, ХХ кылымдын экинчи жарымынан бери дүйнөлүк геополитикалык абалды аныктоодо лидерлик позицияда келе жаткан АКШ бул абройлуу, кубаттуу аскер уюмунун негизги саясатын да өзү жүргүзгөндүктөн (формалдуу түрдө эл аралык аталып, Уставында коллективдүү башкаруу каралгандыгына карабастан), өзүнүн эң негизги аскерий союздашы соңку жылдарда өз алдынча болууга умтулуп, анын жетегинен биротоло чыгып кетип бара жаткандыгына эч качан макул боло албайт. Россиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекси НАТО күчтөрүнүн абадан кол салуусуна каршы турган система экендиги маалым. Демек, Турция жакынкы эле аралыктарда НАТОнун мүчөсү болуудан баш тартуусу да реалдуу маселеге айланышы мүмкүн. Турциянын эл аралык саясатта өз алдынча оюнчу катары каралышы айрыкча 2015-жылкы төңкөрүш аракетинен кийин күчөй баштады. Маалым болгондой, аскер күчтөрүнөн куралган путчисттердин планы ишке ашышына саналуу мүнөттөр калган кезде Турция президенти Реджеп Тайип Эрдоган өз тарапташтары менен алдын ала камдалган тордон чыгып кетүүгө үлгүргөн. Айрым политологдордун айтымында, Эрдоган Владимир Путиндин кеңешчиси Александр Дугин тарабынан путч тууралуу алдын ала эскертилген.  Россия, Иран жана Сирия Турцияда АКШ тарабынан уюшулган төңкөрүш болорун билишкен. Дал ошондуктан улам, Москва Анкарага Путиндин кеңешчилеринин бирин жиберген. Бул визит жшыруун сыр катары сакталган. Ал тууралуу Москва да, Тегеран да, Дамаск да эч нерсе билишпеген. Бир гана Путиндин эң жакын адамдары билишкен.  Александр Дугин Анкарага турциялык жетекчиликти төңкөрүш тууралуу эскертүү үчүн барган. Ал жөн гана оозеки кабар менен чектелбестен, абдан көп адамдардан турган тизмени да берген. Анда төнкөрүш даярдагын кишилер камтылган болчу.

Россия президенти Владимир Путиндин атайын өкүлү Александр Дугин Анкарада 14-15 июльда болуп, бир нече абдан маанилүү жабык жолугушууларды өткөргөн. Дугин пресса үчүн да билдирүү жасап, стратегиялык партнерлер Москва менен Анкаранын мамилесин жакшыртуу үчүн Турция Ататүрктүн саясатына кайтышы керек деген. Төңкөрүш алдын ала пландалганга караганда бир ай мурда жасалган. Себеби, төңкөрүшчүлөр калың катмарды түзүп, куралдуу күчтөрдөн баштап, мамлекеттик бийликтин бардык түзүмдөрүндө өз кишилери бар болгондуктан, алардын баары жогорудагы тизме тууралуу билип калышкан. Турция өкмөтүн бул жашыруун топ кыйла эле катуу чочуткандыктан улам, ал тизмедеги эки миң Турция Куралдуу Кучтөр өкүлдөрүн камакка алуу үчүн сотторго жөнөткөн. Бирок, соттор муну жасашкан эмес. Ал эми айрым төңкөрүшкө тиешеси бар соттор төңкөрүшчүлөргө аларга келген тизме тууралуу айтып коюшкан. Ошонун натыйжасында төнкөрүш жасоо аракети да тездеп, мурдагы белгиленген мөөнөттөн эртелеп кеткен. Андан бир айча мурда эле Сирия аба мейкиндигинде россиялык самолетту атып түшүрүшкөн учкучтардын да төнкөрүшкө тиешеси бар экендиги аныкталган. Москва турциялык учкучтардын өз ара сүйлөшүүлөрүн дыкаттык менен изилдеп чыгып, россиялык Су-24 аскердик самолетун атып түшүргөндөр Америка тарабынан киргизилип, бул акцияны атайылап уюштуруп, Россия менен Турциянын өз ара мамилелерин бузуу үчүн жасашканын билишет. АКШ баягы эле британялык “бөлүп-жарып, башкара бер” деген тактикага таянган саясат жүргүзгөн. Инджирлик базасында АКШ тарабынан киргизилген көптөгөн аба жана жерде жүрүүчү аскерлер  болгондугу ачыкка чыккан. Алардын баары камакка алынган. Путиндин кеңешчиси  Дугин шектенүү жаратпас үчүн, атайылап алаксытуу максатында Анкарага абдан кызык маршрут менен келген: ал Москвадан Астанага учуп, ал жактан Тегеран, Дамаск жана Никосия аркылуу Анкарага келген. Анкарада ал Эрдоган башкаларга караганда көбүрөөк ишенген киши —  Анкаранын мэри Мелих Гёкчек менен жолугат. Бетме-бет жолугушуу КГБнын стилинде өтүп, өз жемишин берет. Орустар ошол айларда төңкөрүш кимдер аркылуу, кантип даярдалганы жана качан башталары тууралуу көптөгөн маалыматтарды алышкан эле. Эрдогандын жакын чөйрөсү да Дугиндин келгенин билишет. Эскертүү дал өз учурунда жасалган болчу. Анын психологиялык натыйжасы да абдан зор эффект жаратат. Себеби, түрктөр бул ирет өздөрүнүн чыныгы досу ким экендигин ачык билишкендей болгон. Путин өз өкүлүн төнкөрүшкө он минута калганда айтуу үчүн жөнөтпөй деле кое алмак. Ал тургай, россия тарап америкалыктар жасап жаткан жашыруун аракеттерге көз жумуп деле кое алышмак. Турциянын аскердик самолеттору Эрдогандын самолетунун артынан кууп учуп чыгышкан. Бирок, президенттик самолетту россиялык эки аскер учагы коштоп бара жаткандыктан, ага жакындай алышкан эмес.      Пентагон менен ЦРУнун көзөмөлүндө турган массалык маалымат каражаттары путч тууралуу бир күн бою эч кандай маалымат беришпей, төңкөрүш кыйроого дуушар болгонун түшүнгөн соң гана калп пропагандага өтүшкөн: «Бул атайын жасалган спектакль, Эрдоган муну өзүнүн президенттик бийлигин бекемдөө үчүн жасады».

Кандай болгон күндө да, орус атайын кызматтары учурда бул өлкө баштан кечирип жаткан ар кандай кризистерге карабастан, абдан күчтүү болуп, суперзаманбап технологиялык жабдыктарды колдонору айкын. Орус учкучтары путчисттердин самолетторуна радарларды багытташып, алар тарабынан туура эмес кадамдар жасалса дароо сокку алышарын билдиришкен.  Эрдогандын самолетун көптөгөн F-16 аскердик самолеттеру кууп барышкан да, бирок чабуул жасоого батына алышпаган. Ошентип, төңкөрүш  кыйроого учурап, анын планы ишке ашпай калган.  Эгерде ишке ашса  Турция мамлекетинин башына көп жылдардан бери АКШда жашап, ЦРУга кызмат кылып келе жаткан Фетхуллах Гюлен келмек.

Ошол кездеги АКШ госсекретары Джон  Керри: «Мындай билдирүүлөр турциялык-америкалык  мамилелерге зыян келтирет» — деп эскерткен. Турция тарап кечирим суроонун ордуна кайра: «Анда неге силер бизге Фетхуллах Гюленди өткөрүп бербейсиңер?» — деген. Айрым саясат таануучулар Турция менен Россиянын абдан курчуп кеткен мамилелеринин кайра жакшырышына Путин менен Эрдоган экөө тең прагматик мамлекет башчылар экендиги түрткү болгон деп эсептешет.                                                                                                                                                                  Азамат САЛИЕВ

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз