Воскресенье, 19 мая

Быйыл Муфтият да шайлоого барабы?

0

Кыргызстандын муфтияты быйыл боло турган мусулмандардын курултайынын мөөнөтүн жылдырып жатат. Бул тууралуу кече, 5-мартта маалымат жыйында жарандык активист Келдибек Аскаралиев билдирди.

Анын айтымында, ал бул маселе боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет менен Юстиция министрлигине кайрылган.

«Муфтияттын өкүлдөрү 2017-жылы мусулмандардын 6-курултайында жаңы жарлыктын долбоорун кабыл алып, ошондо эле муфтийди 4 жылга шайлап койгонбуз дешти. Бирок бул мыйзамга туура келбейт. Эмне себептен быйыл боло турган курултай жылдырылып жатат деген маселени изилдеп көрдүм. Юстиция министрлиги 2017-жылды кабыл алынган долбоор оңдолуп, 2019-жылы кайра каттоодон өттү деп жооп беришти. Кыргызстандын мыйзамына ылайык, жаңы жарлык боюнча муфтий 4 жылга шайланат. Демек 2019-жылдын 23-сентябрынан бери аалымдар кеңешинин толук мүчөлөрү менен муфтийлер мыйзамсыз отурат», — деди ал.

Келдибек Аскаралиев 4-апрелде мусулмандардын кезектеги курултайы өтүш керек дейт.

«Бирок бүгүнкү күнгө чейин курултай тууралуу жарыя жок. Менин билишим боюнча буга эки себеп бар. Биринчи себеби — парламенттик шайлоого карата жылдырып жатышат. Экинчи себеби — жаңы жарлык боюнча аалымдар кеңеши менен муфтий эки жогорку — диний жана светтик билимге ээ болуш керек экен. Бирок аалымдар кеңешинин 90 пайызынын светтик билими жок», — деди ал.

К.Аскаралиев муфтиятка курултай өткөрүү боюнча кайрылган. Ал 4-апрелге чейин курултайды өткөрүү боюнча чечим кабыл алынбаса сотко кайрылууга аргасыз болорун билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз