Вторник, 7 мая

Алеппо тургундары кайта башташты

0

Алеппонун жөнөкөй жашоочулары Хан-эль-Асаль шаары бошотулгандан кийин кайтып келе башташты. Террористтер аталган аймактын бардыгын талкалап кетишкен.

“Ал жерде (үйдө) эчтеке жок. Биз эмеректерибизди, телевизор, кир жууган машиналарды таштап кеткенбиз. Менин компьютерим да жок. Мен бул сүрөттү апам менен атама көрсөтпөйм. Атам өмүрүн үйдү салып өткөргөн”-деди жашоочулардын бири.

Азыр аталган аймакта суу, электр энергиясы жок. Террористтер эки кабаттуу үйдү оорукана кылышкан. Жашоочулардын айтымында үйдүн ичинде шприцтер, медициналык каражаттар, дарылар жана кире бериште оорукана керебеттери жатат.

Жашоочулардын бири террористтер 90 жаштагы атасын кармап кеткенин, бирок ал мыйзамга каршы эч нерсе кылбаганын айтты. Алар Сирия аскердик армиясына ыраазычылыктарын билдиришти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз