Муфтият республикадагы бардык мечиттерди таза кармоо, жайнамаздарды дезинфекциялоо жана калкка дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта КМБДдан билдиришти.
Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык коронавирустан коргонуунун жолдорун эске алууга чакырат.
1) Колду самындап жуу же спирт камтылган антисептикалык каражаттарды колдонуу;
2) Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду кагаз бет аарчы же чыканак менен тосуу;
3) Дем алуу жолдорунун курч вирустук оорусуна кабылган адамдар менен кучакташуудан жана кол алышуудан кармануу;
4) Курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери (дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, дем алуунун начарлашы) пайда болгон учурда айланадагыларга жуктурбаш үчүн бир жолу колдонуучу беткаптарды тагынуу;
5) Бөлмөнү тез-тезден желдетүү жана нымдуу чүпүрөк менен көбүрөөк тазалап туруу;
6) эт жана жумуртканы жакшылап бышыргандан кийин гана колдонуу;
7) Эгер дене табы жогорулап, жөтөлүү пайда болуп, дем алуу кыйындаса, тезинен дарыгерге кайрылуу.