Вторник, 7 мая

Ирандагы кыргызстандык айдоочулар ачка, майы жок калышты

0

Ирандагы кыргызстандык 18 айдоочу коңшу өлкөлөрдүн чек араны жаап алганына байланыштуу чыга албай жатышат. Мекендештер тамагы да, майы да жок калганын айтып беришкен. Алар Тышкы иштер министрлигине кайрылуу жолдошту. Азыр айдоочулар Ирандын Азербайжан менен чектешкен Астара шаарында турат.

“Абалыбыз кыйын, же майыбыз жок, же ичүүгө тамак-ашыбыз жок. Министрликтен тезирээк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бизди чыгарып алуусун сурайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, мекендештер Ирандын Түркмөнстан менен чектешкен жеринде да кыргызстандык айдоочулардын бар экенин айтышты. Белгилей кетсек, Ирандын Азербайжан менен да, Түркмөнстан менен да чек арасы учурда жабык.

Маалымат боюнча, аталган мамлекетте коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3 513 кишиге жетип, анын 107си каза тапты. 739 бейтап айыгып кеткен.

«2-4-март күндөрү ТИМге Азербайжан, Түркмөнстан жана Россия элчилери чакырылган. Биз кыргызстандык айдоочулар менен автоунааларды өткөрүү боюнча маселени оң жагына чечүүгө жардам берүүнү өтүндүк. Буга кошумча, Иранда туруп калган айдоочулар менен да сүйлөшүп жатабыз. Кайрылуудан кийин дароо эле биздин Тегеран, Баку жана Ашхабаддагы эчиликтер маселени өз көзөмөлүнө алды», — дешти ТИМден.

Белгилей кетсек, коронавирустан улам Кыргызстан дагы Кытай, Түштүк Корея, Япония, Иран жана Италиядан жарандардын кирүүсүнө тыюу салган. Чектөө акыркы 20 күн эпидемиологиялык кырдаал начар болуп турган өлкөлөрдөн келгендерге да тиешелүү. Аталган өлкөлөрдөн келген жарандардын баары эки жумалык карантинден өтүүгө тийиш. Тизме абалга жараша кошумчаланышы мүмкүн. Кыргызстанга учуп келген жарандар самолеттон  текшерүүгө алынууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз