Кечээ, 5-мартта Бишкектеги №185 маршруттук таксинин айдоочусу балалуу айымды салондон чыгарып салган видео тараган. Учурда айдоочу жумушунан четтетилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Мэриянын билдирүүсүндө, коомдук транспорт башкармалыгынын кызматкерлери ошол замат айдоочуну табышкан. Алар айдоочу жана «ТрансГруппКоммуникейшн» фирмасынын жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Күбөлөрдүн айтымы боюнча, маршруткага баланын коляскасы менен түшкөн аялды айдоочу жулмалап, унаадан түшүрүп салган. Айдоочунун ою боюнча ал коляскасы менен кирип, көп орун ээлеген. Мындан улам маршруткага башка адамдар кире албай калган. Күбөлөр коляска жыйналып, эч кимге тоскоолдук жараткан эместигин белгилеп, балалуу аял туруп турганын айтышкан.
Эгерде сиз маршруттук таксилерге байланыштуу пикириңиз болсо төмөнкү номурга чалыңыз:
- Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы: 0703075727;
- Бишкек жүргүнчү транспорт ишканасы (автобустарды көзөмөлдөйт): 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;
- Бишкек троллейбус башкармалыгы: