Кыргыз футбол бирикмесинин логотибин жасоого сынак жарыяланды. Бул тууралуу аталган бирикмеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынактын мөөнөтү 15-апрелге чейин жүрөт. Сынактын жеңүүчүсүнө 1 миң доллар берилет.
«Тандалып алынган логотип Кыргыз футбол бирикмесинин расмий эмблемасы катары кабыл алынып, расмий документтерде, сайттарда, социалдык тармактарда жана башка маалыматтык жана сувенирдик продукцияларда колдонулат», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле эң мыкты болгон беш логотиптин авторуна футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын футболкасы жана алардын өз талаасында ойногон беттештерге абонент берилет.