Понедельник, 20 мая

ЕБ– Борбор Азиянын ишенимдүү өнөктөшү

0

ЕБ – Борбор Азиянын ишенимдүү өнөктөшү

Казакстан жана ЕБ Борбор Азия боюнча жаңы стратегияны талкуулашты

Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов Европа союзунун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту.

Казакстандын ТИМи билдиргендей, жолугушуунун алкагында ЕБтин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясы, Евросоюз менен Казакстандын кызматташтык маселеси, европалык инвестицияны тартуу маселелери талкууланды.

Маалыматта ошондой эле казакстандык министр ЕБтин Борбор Азия боюнча жаңы Стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн сунуш киргизгендиги айтылат.

«Казакстан Европалык союз – Борбор Азия форматындагы конструктивдүү жана ишенимдүү диалогду өнүктүрүүгө жогору маани берет. Бүгүн Евросоюз  Борбор Азия өлкөлөрүн өнүктүрүү жана бириктирүүдө биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп саналат», — деди Атамкулов.

Буриан өз кезегинде Казакстандын ТИМ жетекчисине ЕБтин Борбор Азия боюнча жаңы Стратегиясы боюнча конструктивдүү сунуштары үчүн ыраазычылык билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз