Венесуэланын чек арасындагы кагылышуудан 300дөн ашык адам жабыркады

0

Венесуэланын чек арасындагы кагылышуудан 300дөн ашык адам жабыркады

Венесуэланын чек арасында болгон кагылышуудан бир нече жүз адам жабыркады. Бул тууралуу Америка мамлекети уюмунун (АМУ) башчысы Луис Альмагро Колумбияда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Альмагронун VPI TV телеканалынын Twitter-аккаунтуна жарыяланган маалыматына ылайык,  285 адам Колумбия менен чек арада жабыркады. Дагы 50гө жакын адам Бразилия менен чек арада жарадар болгондугун РИА Новости билдирди.

Колумбиянын тышкы иштер министрлиги ушунча эле сандагы адам өлкөнүн Венесуэла менен чек арасында жабыркагандыгы тууралуу маалыматты ТАСС билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасында 255 венесуэлалыктар жана 30у колумбиялыктар бар.

Венесуэланын чек арасындагы жүздөгөн адамдар гуманитардык жүк салынган машиналарды өткөрүүнү талап кылышкан. Манифестанттар фуралардын эркин өтүшү үчүн баррикадаларды алып салууну талап кылышкан, бирок Венесуэланын Улуттук гвардиясы аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Мурда гуманитардык жүк салынган машиналар Бразилия тараптан Венесуэланын чек арасына жеткендиги, бирок ары карай өтө албагандыгы маалымдалган. Ал эми Венесуэла менен Колумбиянын чек арасындагы бир нече гуманитардык жүк менен бараткан фуралар өрттөлгөн. Кийинчерээк Колумбиянын президенти Иван Дуке Венесуэлага карай бараткан бул машиналарды артка кайтаруу буйругун берген.

Венесуэладагы кырдаал 23-январда массалык каршылык акциясынан кийин парламент спикери  Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент деп жарыялаган соң курчуп кеткен. АКШ, ЕСтин көпчүлүк мүчөлөрү жана айрым латынамерикалык өлкөлөр аны легитимдүү мамлекет башчы катары таанышкан. Бирок Россия жана башка бир топ мамлекеттер Мадурону колдой тургандыктарын жарыялашкан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз