Суббота, 21 сентября

Бакай Кашкарбаев: Американын элчилигине кайрылдым

0

2-марттагы митингде башаламандык уюштурган топ бар экендигин айтып, чагымчыларды тергөө органдары акыйкат тергөөсүн талап кылган видеосун Жапаровдун тарапташы Бакай Кашкарбаев өзүнүн фейсбук баракчасына жүктөгөн. Видеону Америка элчилигине кайрылып, УКМКга сурак бергени бара жатканда тарткан.
Ал Жапаровду абактан бошотуу үчүн түзүлгөн кыймылга куугунтук болуп жатканын айтты.
Кашкарбаевдин айтымында, 2-мартта саат 18:00 чамасында чагымчылдар башаламандык уюштурган, анын башында Тоңдон келген Рустам деген бала турат.

“Мен азыр УКМКга сурак бергени баратам. Кандай суроолор болот көрөбүз. Биз бийликти талашканы барган жокпуз, Садыр Жапаровду талаштык. Мөңгүлөрдү талкаланганы, кыргыздардын тентигени токтосун деп бардык. Апа, Атыр, балдарым, Наиля кызым сарсанаа болбогула, баары жакшы болот”- деген видеосунда.

Ал 2-мартта митингге чыккандар элдик кошуун, анын башында эч ким жок экенин кошумчалаган.

Эсиңиздерге салсак, 2-март күнү Садыр Жапаровду абактан бошотуу үчүн митинг болуп, кечке маал митингчилер менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алган.

Садыр Жапаров “бейбаштык”, “бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү”, “барымтага алуу” жана башка беренелер боюнча айыпталган. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирген. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат тараткан.
Биринчи май райондук сот С.Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Биринчи инстанцияда 3 берене боюнча акталган, бирок туткунга алганы үчүн камалган. Шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз