Понедельник, 25 ноября

Ирактагы түркмөндөр гүленчилерге каршы чыгышты

0

ФETОго тиешелүү мектептерди, ишканаларды, уюмдарды мамлекеттин карамагына өткөрүү саясатын Афганистан, Пакистан мамлекеттериникиндей багытта жүргүзүү чакырыгы Ирак бийлигине ташталды.

Ирактагы Түркмөндөр фронту (ITC) Ирак бийлигинен Гүлендин тарапташтарына  караштуу мектептерди жабуу өтүнүчүн билдиргенин Ирактагы Түркмөндөр фронтунун өкүлү Мухаммед Саман билдирди. Саман, ФETОго тиешелүү мектептер Ирак мамлекетинин карамагына өткөрүлүшү керек деген ойдо.

2016-жылдын 15-июнунда Түркияда аскерлердин жоон тобу бийликти алмаштыруу максатында куралдуу көтөрүлүшкө чыгып, бирок элдин, мыйзамдуу бийликтин  каршылыгы менен максатына жете алышкан эмес. Бул көтөрүлүш 251 адамдын өмүрүн алып, 2000ден ашуун адам ар кандай жаракаттарга кабылган. Көтөрүлүштү уюштургандардын башында Америкада жашаган, дин аалымы катары белгилүү Фетхуллах Гүлендин турганы ачыкталган.

2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төнкөрүш аракетинен кийин Гүлен кыймылы бир канча өлкөдө террордук уюм катары таанылып, алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, аталган кыймылдын билим берүү мекемелери мамлекет тарабына өткөрүлүп берилүүдө. ФЕТО менен күрөшүү максатында 50гө жакын мамлекеттер менен байланыш түзгөн Түркия Агартуу Фонду (TMV) ФETОго таандык болгон көптөгөн мектептерди өзүнүн балансына өткөрүп алган. Түркия Агартуу Фондунун (TMV) мүдүрү проф. Жем Зорлу, Азияда, Европада, Африкада, Алыскы Чыгыш өлкөлөрүндө ФETОго таандык болгон көптөгөн мектептер Түркия Агартуу Фондунун (TMV) балансына өткөрүлүп жатканын билдирген.

Алгачкылардан болуп Афганистан, Пакистан окуу жайларды ФETОдон соттун чечими менен алган. Башкы идеологуна башпаанек берген Америка дагы ФETОго тиешелүү билим берүү жайларынын лицензиясын кайтарып алууга жетишкени ФETОнун канчалык деңгээлде коркунучтуу экенинен кабар берип турат.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен ФETОнун коркунучтуу экенин Орусия менен Өзбекстан алгачкылардан болуп аңдаган жана аларга тиешелүү мектептерди жаап, айрым адамдарды камакка алган. Тажикстан жана Түркмөнстанда да гүленчилердин ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, экономикалык кылмыштарды жасагандыгы үчүн ФETОнун ондогон мүчөлөрү түрмөгө кесилген. Тажикстандагы “Шалола” мектептери жабылып, мүлкү мамлекетке өткөрүлгөн. Ашхабаддагы Түркмөн-Түрк мектеби Түркиядагы төнкөрүштөн кийин жабылган. Казактстанда ФETОго тиешелүү окуу жайлар 1992-жылдан баштап ачылган, алардын саны 30га жакын жана алар KATEV фондуна тиешелүү болуп эсептелинет.

Кыргызстан бул жаатта ФETОго тиешелүү “Себат” мектептерин “Сапат” кылып атын гана өзгөртүп койгону болбосо, башкаруу укугу дагы деле ФETОнун тарапташтарынын колунда калган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз