Суббота, 21 сентября

Сауд Аравиянын падышасынын кланындагы 2 киши кармалды

0

Сауд Аравиясындагы падышалык үй-бүлөнүн 2 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу  Wall street journal басылмасы жазды.
Сауд Аравия бийлиги өлкө падышасынын байкеси Ахмед бин Абдулазизди, тууганы монарх Мухаммед бин Найеф бин Абдулазизди кармаган. Алардын сөзү боюнча падышалык үйгө белгисиз бет капчан адамдар келип тинтип кетишкен.
Белгиленгендей, аларды мамлекетке чыккынчылыкка шектүү деп кармашкан. Эгерде чын эле ошондой кадамга баргандары такталса, аларды узак убакыттагы түрмө же өлүм жазасы күтөт.

Басылма көрсөткөндөй, кармалгандар мураскер падыша Мухаммед бин Салман менен сауд тактысына талапкерлер. Экөө тең бир убакта Сауд Аравиясынын ички иштер министри болгон, бирок акыркы кезде иштери начарлап кеткен.

Мухаммед бин Найеф терроризм менен күрөшүүгө жооп берип, көп убакыт Америкалык атайын кызмат менен иштешип келген. Ал 2017-жылы ИИМ кызматынан кеткенде мамлекеттик департамент капа болгондорун билдирген.
Ноябр айында Мухаммед бин Салмандын чакыруусу менен Эр-Рияддагы Ritz Carlton мейманканасына келишкен 11 төрөнү коррупцияга шектүү деп кармашкан. Аларды мейманканадан чыгарышкан эмес. Мейманканага ошол учурдагы жана мурдагы жүздөгөн министрлер, бизнесмендер жана падыша үй-бүлөсү барган.
Кийин падыша үй-бүлөсү казынага 100миллиард доллар бергенден кийин кое берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз