Понедельник, 25 ноября

Президент Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө барды

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык аялдар күнүнүн алдында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй- бүлөсүнө барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жазуучунун жубайы — Мария Айтматованы жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Мамлекет башчысы Айтматовдун жакындары менен баарлашып,  жазуучунун уулу Эльдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү. Ошондой эле өзү вице-президент болгон «Манас» жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу  айтып берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз