Воскресенье, 22 сентября

Ооганстандагы чабуулдан 39 адам каза болду

0

Ооганстандын түштүгүндөгү Герат провинциясына чабуул болуп, 7 адам каза тапты, 17 адам жарадар болду. Бул тууралуу провинциянын офис губернатору билдирди.

Маалыматка ылайык, чабуул Хваджа айылында ишембиге караган түнү болгон. Каза болгондордун арасында балдар дагы бар. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилген.

Жума күнү белгисиз адамдар Ооганстандын премьер-министри Абдулла Абдулла катышкан иш-чарага чабуул кылышкан.

Саясий өкүл Муджибурахман Рахими премьер-министр жабыркабаганын айтты. Бирок 32 адам каза тапса, 81и ар кандай жаракат алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз