Воскресенье, 22 сентября

Депутат коронавирустан улам каза болду

0

Иран парламентинин жаңы чакырылышына депутат болгону жаткан Фатима Рахбар коронавирустан улам каза болду. Бул тууралуу Tasnim агенттиги жазды.

Рахбар парламенттин он биринчи чакырылышына депутат болуп шайланган.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Иран бийлиги өлкөдө коронавирус бар экендигин кабарлаган. 4747 учур катталды жана 124 өмүр кыйылды.

Иран бийлиги нооруз майрамына чейин окуу жайларды жапкан. Эл көп чогулган жерлерге барбоону сунуштады.

Бийлик конференцияларды видео менен өткөрө баштаган. Маданий, спорттук иш-чаралар жылдырылган. Эгерде коронавирус менен ооруган адам болсо 14 күндүк карантинге алынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз