Воскресенье, 12 мая

Эксперт карантинге карата түзүлгөн тамак-ашты сындады

0

Германияда коронавируска карата карантинде колдонулуучу тамак-аштын тизмеси жарыяланган. Бирок Орусия куткаруучуларды даярдоо борборунан эмгеги сиңген куткаруучу Александр Гофштейн тизмени сынга алды.

Буга чейин Германияда 10 күндүк карантинге камсыздап алуучу тамактар жарыяланган. Анда 20 литр суу, 3,5килограм дан, нан, картошка, макарон же күрүч, 2,5 килогграм консерваланган жашылча жана жаңгак, 4 килограм кургатылган жана консерваланган жемиш, 2,6 сүт азыктары жана сүт, 1,5кг эт, балык, жумуртка, 400гр май, шекер, бал, ун, печенье жана шоколад жазылган.

“Эт, сүт кереги жок. Курамында суусу көп консервалар калориялуу”-деген Гофштейн.

Эсиңиздерге салсак, коронавирус дүйнөнү каптап, жалпы 3,8 миң адам каза тапты. Көпчүлүк өлкөлөрдө массалык чогулуштар жылдырылып, кээ бир мекемелерде карантин жарыяланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз