Түркиянын нейтралдык аймактагы чек арасынын ачылышын күтүп жаткан качкындарга грек аскерлери көздөн жаш агызуучу жана ачыштыруучу газ колдонушту.
Жабыркагандарды чатырларга жеткиришип, дарыгерлер жардам көрсөтүштү. Алардын арасында өспүрүмдөр дагы болгон.
Буга чейин Түркия бийлиги Европага кетүүнү каалаган качкындарды кармабай турганын айткан.
Европа тарап 2016-жылдагы миграциялык келишимди аткарбаганы үчүн ушул чечимге келишкен.