Пятница, 26 апреля

Лайнердеги кыргызстандык Бишкекке келди

0

Diamond Princess лайнеринде иштеген кыргызстандык Бишкекке келди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Мекендешибизден коронавируска карата анализ алынып, учурда обсервацияда жатат.

Буга чейин 26-февралда ТИМ башчысынын орун басары Нурлан Абдрахманов анализи канааттандырарлык экендигин айткан.

Мекендешибиздин кайталоо анализи терс натыйжаны көрсөткөн. Бул тууралуу коронавирусту алдын алуу жана мындан ары өлкө аймагына таралышына жол бербөө республикалык штабынын отурумунда белгилүү болду.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз