Воскресенье, 5 мая

Түркия Парламентинин жаңы төрагасы шайланды

0

Түркия Парламентинин жаңы төрагасы шайланды

Парламент төрагасын шайлоо үчүн Жалпы жыйында жашыруун добуш берилди.

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) жаңы төрагасы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Текирдагдан шайланган эл өкүлү Мустафа Шентоп болду.

Парламент төрагасын шайлоо үчүн Жалпы жыйында жашыруун добуш берилди.

Алгачкы эки айлампада төрага шайланышы үчүн керектүү болгон 400 добушка эч ким ээ боло алган жок.

Үчүнчү айлампада Улуттук кыймыл партиясынын колдоосу менен АК партиясынын мүчөсү Мустафа Шентоп 336 добуш менен парламенттин 29-төрагасы болуп шайланды.

Үчүнчү айлампадагы добуш берүүгө 542 эл өкүлү катышты.

Добуш берүүдө Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Текирдагдан эл өкүлү Мустафа Шентоп 336 добуш, Республикачыл элдик партиясынын талапкери Энгин Алтай 124 добуш, Элдик демократиялык партиянын Измирден эл өкүлү Серпил Кемалбай Пекгөзегү 46 добуш, Ийи партиянын Газиантептен эл өкүлү Имам Хүсейин Филиз 33 добушка ээ болушту. 3 добуш жараксыз деп саналды.

Шентопту эң биринчи куттуктаган Стамбул шаарынын мэрлигине талапкер болгон Бинали Йылдырым болду.

Мустафа Шентоп, ыраазычылык сөзүн билдирип жатып «биргелешкен акыл жана сүйлөшүүгө» басым жасады.

Адилеттикке жана тарапсыздыкка басым жасаган Шентоп: «Жыйынтыксыз талаштар менен бири-бирибизди чарчатпайлы»,- деди.

ТУУЖдун мурдагы төрагасы Бинали Йылдырым Стамбул шаарынын мэрлигине талапкерлигин койгондугуна байланыштуу 19-февраль күнү кызматын өткөрүп берген болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз