Четверг, 9 мая

31-марттан кийин Эрдоган АКШга же Трамп Түркияга сапар жасашы мүмкүн

0

31-марттан кийин Эрдоган АКШга же Трамп Түркияга сапар жасашы мүмкүн

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жеке менчик телеканалдардын биринин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ага ылайык, өзү  31-марттан кийин АКШга сапар жасашы мүмкүн экенин айтты.

Эрдоган алгач ушул жуманын ичинде АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон телефондогу сүйлөшүүсү тууралуу суроого жооп берди.

Ал сүйлөшүүдө Трамптын өзүнө чакыруусу болгонун белгилеген Эрдоган: «Мен дагы ага «Алгач мен сизди күтөмүн» дедим. 31-марттан кийин балким менин  Вашингтонго сапарым болушу мүмкүн, балким ал өзү Түркияга сапар жасашы мүмкүн»,- деди.

Президент Эрдоган Сирияда курулуусу пландалган коопсуз тилке темасын Трамп менен чечкендигин айтып, «Коопсуз аймак биздин стратегиялык түшүнүгүбүздөн тышкары бир жерге жеткирилсе муну кабыл алышыбыз мүмкүн эмес. Анткени биздин чек арабызда коопсуз аймак боло турган болсо ал биздин көзөмөлүбүздө болот»,- деп айтты.

Африн, Жераблус жана Эл Бабда курулган тынчтык жана ырааттуулуктун, чек ара аймагында да курулуусу керектигине басым жасаган Эрдоган: «АКШнын Сириядан чыгуу чечиминин өлкөлөрүбүздүн кызыкчылыктары менен Сириянын жеринин бүтүндүгү жагынан бир топ маанилүү жана саясий биримдигине каршы абалдарга жол бербөөсү биз үчүн маанилүү. Чегинүүдөн кийин пайда боло турган боштуктун террордук уюмдар үчүн коопсуз аймак абалына келишине уруксат бербей турганыбызды да айттык»,-деди.

Манбиж жол картасы тууралуу эки жагдайды дагы бир жолу баса белгилеген Эрдоган: «Биринчиси жол картасынын ишке ашырылышы процессинин ылдам түрдө бүтүрүлүшү болуп саналат. Дагы көп кечигүү болбостон Манбиждин ПЙД/ЙПГдан тазаланышы Түркия үчүн эми коопсуздук абалына айланды. Эки режимдин Манбижге карай бузуучу киришүүлөрүнө, ПЙД/ЙПГнын режимин Манбижге киргизүү аракеттерине уруксат берилбеши керек. Бул тема кеңири түрдө чегинүү  планынын алкагында албетте, каралууда. Балким, бир азга күтөбүз, болду болбоду бир түнү капыстан кирип бара алабыз»,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз