Суббота, 20 апреля

Гректер чек арасына арык казууда. Ишке жарайбы?

0

Грек чек арачылары Түркиядан келген качкындарды өлкөгө киргизбөө үчүн чек ара аймагына арык казып жатат. Алар тикендүү зымдан тышкары кум салынган мүшөктөр жана жерди казуу менен коргонушууда.

Миңдеген качкындар 12 күндөн бери Түркия менен Грециянын чек арасында Европага кире албай турушат. Грек аскерлери аларга карата көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, пластикалык жана согуштук ок атып жатат. Натыйжада бир нече качкын каза тапкан.

Маалыматта грек аскерлери качкындардын кийимдерин чечип алып сабап, телефондорун алып, кайра Түркияга кайтууга мажбурлап жатканы айтылат.

Эсиңиздерге салсак, Туркия Европага бет алган качкындардын жолун тоспой тургандыгын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз