Британиянын кылмыштуулукка каршы улуттук агенттиги Казакстан жогорку палатасынын спикери Дарига Назарбаева, уулу Нурали Алиев жанан анын аялы Аида жашаган Лондондогу кымбат баалуу турак жайды камакка алды. Муну «Би-Би-Си», Transparency International жана Finance Uncovered өкмөттүк эмес уюмдар аныкташкан.
Маалыматта миллиардерлер жашаган көчөдөгү үйдүн жер төлөсүндө бассейн бар экендиги айтылат.
Офшордук компанияга тиешелүү үй делгени менен иликтөөчүлөр Назарбаевага таандык экенин айтышууда.
Британ бийлигинин версиясы боюнча, үй Дарига Назарбаеванын күйөөсү Рахат Алиевдин мыйзамсыз тапкан каражатына алынган. Рахат Алиев менен Нурсултан Назарбаевдин ортосунда чыр чыгып, Назарбаевди коррупцияга күнөөлөгөн, бир нече жыл мурда Алиевдин сөөгү австриялык түрмөдөн табылган.
Назарбаевдер үй-бүлөсү Алиевдин турак жайга тиешеси жок экендигин жана жубайлар 2007-жылы эле ажырашып кеткенин айтышууда.
Сотто жазыктык куугунтуктоо болбойт. Эгерде Назарбаевдер тарап эрежени талашса аны четке кагат. Андай болбосо “Би-Би-Си” маалымдагандай укук коргоо органдары сот аркылуу үйдү мамлекетке өткөрөт.
Бул турак жайды сотко чейин сатууга же башка бирөөгө өткөрүп берүүгө болбойт. Ал эми сот Лондондун Жогорку соту тарабынан 10-мартта башталмак.