Понедельник, 25 ноября

Америкалыктар Сирияда Орус аскерлеринин жолун бөгөдү

0

Америка аскерлери Сириянын М4 нефть чыккан Хасеке провинциясына бара жаткан орус аскерлеринин жолун бөгөштү.

Аталган район PKK – YPG террористтик уюмунун сириялык канатынын көзөмөлүндө турат.

Маалыматта америкалык патруль Таль-Тамр айылына келип, 4 машинадан турган орус аскерлеринин жолун торогону айтылат.

Орус аскерлери Камышлы шаарынын чыгышындагы нефть чыккан жерге жетиш үчүн башка жолго өтүүгө аракет кылышкан. Алар Амуде району менен Камышлыга жетишкен.

Ал жерден дагы америкалыктардын тоскоолдугуна дуушар болуп,  Маликие айылына жакын жерди жаап алышканын көрүшкөн.

Орустар кайра Камышлыга кайтып келишкен, бирок Таль-Тамрга кете турчу М4 трассасы америкалыктар тарабынан жабылган экен.

Январь айынан бери америкалык аскерлер бир нече жолу Камышлыга кете турчу жолду орус аскерлеринен тосуп алышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз