Четверг, 2 мая

Бишкектин кээ бир жеринде суу өчүрүлөт. Өз аймагыңызды тизмеден карап алыңыз

0

«Киркомстром» суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-мартта саат 09:00дөн 17:00гө чейин Абакан, Архангельский, Белгород, Кустанай, Тираспольский көчөлөрүндө жана «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Ошондой эле ысык суу жана жылытуу системасы төмөнкү жерлерде убактылуу өчүрүлөт:

-Кустанай көчөсү 36, 36а, 38, 40, 56, 58, 63;

-Белгород көчөсү 63, 65, 67, 69;

-Алыкулов көчөсү 4, 5, 42;

-Астрахань көчөсү 33, 48, 50, 58;

-Красноводский кесилиши 1а;

-№42 мектеп;

-№37 бала бакча.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз